18
Февраль
ОсОО «Ореми-Тяжэлектромаш» начало свою работу
«OREMI»ААК базасында 2013-жылы түзүлгөн «Ореми-Оорэлектромаш» ЖЧКөз ишин баштады.
Учурда «OREMI»ААК базасында түзүлгөн ЖЧК «Ореми-Оорэлектромаш» трансформаторлорду жана трансформатордук подстанциялардын комплектин, электр генераторлорду, ажыраткычтарды чыгаруу, электр жабдыктарын жана электр машиналарын оңдоо иштерин жаңылатты.
Ошондой эле жакынкы арада газ, электр, суу “акылдуу”эсеп счётчиктерин чыгаруу пландалууда. Жылдын аягына чейин өндүрүштө иштеген жумушчулардын санын 200гө жеткирүү мерчеми каралууда.
«Ореми-Оорэлектромаш» ЖЧКишканасынын негизги заказ берүүчүлөрү жеке адамдар, айыл башкармалары жана “Түндүкэлектро”ЖЧК.Жалпы жолунан бүгүнкү күндө 6 млн. сом каражат айландырууда.
Чыгарылган трансформаторлор жана трансформатордук подстанцияларынын комплекти Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын мамлекеттик органдары тарабынан сертификациялангандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле «OREMI» ААК ишканасын буйрутмалар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 14-апрелдеги №231 токтомуна ылайык заводдун продукциясы бир булактан сатып алынган методу менен Тизмекке киргендигин эске салабыз.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү