21

Январь

2014

Первая партия удобрений из Узбекистана должна прибыть в страну на следующей неделе

Бул туурасында, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 2014-жылы фермер жана дыйкан чарбаларын минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси каралган селектордук кеңешмеде айтты.

Кенешмени ачып жатып Тайырбек Сарпашев мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасы Өзбек Республикасынан 200 миң тонна минералдык жер семирткич сатып алат.

“Бул цифра – республиканын орто эсеп менен, аммиактуу азот-кычкыл тузу, карбамид, аммоний туздуу күкүрт  кислотасы сыяктуу жер семирткичке болгон муктаждыгы. Учурда аймактардан келип түшкөн билдирмелер такталып жатат. Анын натыйжасында биз кайсы аймакка кандай көлөмдөгү жер семирткич зарыл экендиги билинет.  Азыркы мезгилде өзбек тарап менен 60 тонна жер семирткич алуу келишими түзүлгөн. Жалпы наркы 70 млн. сом көлөмүндөгү 5 миң тонна жер семирткичтин биринчи тобу келээрки жумада өлкөбүзгө келип түшөт”, - деди ал.

Вице-премьер-министр мамлекеттер аралык келишим жолу менен алынуучу жер семирткичтер алып сатарлардын колуна түшпөөсүн тыкыр көзөмөлгө алууну  жер-жерлердеги жетекчилерге, райондордун акимдерине тапшырды.

“Райондордун акимдери мамлекеттик материалдык резервдер Фондунун жетекчилиги менен бирге келип түшкөн жер семирткичтердин таркатылышына жеке жоопкерчиликте болушат.  Бул жер семирткичтер мамлекет тарабынан коюлган баанын негизинде, өз алдынча ташып кетүү жолу менен сатылат. Алар контрабандалык жол менен үчүнчү бир мамлекетке өтүп кетпеши керек”, - деди Тайырбек Сарпашев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү