25
Апрель
Первый вице-премьер-министр и Посол Катара в КР обсудили вопросы активизации торгово-экономических связей
Бүгүн, 24-апрелде, Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кыргызстандагы Катар мамлекетинин ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Мохамед бин Арар Умейр Аль-Рамзани Аль-Наимини менен жолугушту.
Т.Сарпашев инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып, дипломатты өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын жигерлештирүүнү сунуштады. “Азырынча мамлекеттер ортосунда экономикалык байланыш төмөн”-, деди ал.
Элчи маалымдагандай, Катар тоо-кен тармагын, айыл чарбасын, туризмди инвестициялоого кызыктар. Кыргызстандан эт, айыл чарба товарларын экспорттого чоң кызыкчылык бар. Жолугушууда “Кыргызстанда Катардын айыл чарба товарларынын жумалыгын” өткөрүүгө сүйлөшүүлөр жетишилди. Бул жылдын июнь айында Кыргызстанда Катардын маданият күндөрү өтөт.
Маалым болгондой, эки мамлекеттин эксперттик топтору экономикалык байланыштарды бекемдөөгө эки келишим даярдалды.
[gallery ids="34697,34698,34699,34700,34701"]КР Өкмөтүнүн аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү