11
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Азербайжандын Премьер-министри Артур Расизаде менен жолугушту
Азербайжан Республикасында иштиктүү сапар менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Артур Расизаде менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр аралык соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулады. Тактап айтканда, сөз Кыргыз-азербайжан соода-экономика жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын II кеңешме жыйынтыгы тууралуу жүрдү.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, кыргыз-азербайжан мамилелеринде оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда, алсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Азербайжанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар ырааты менен ишке ашырылууда.
“Кыргызстан жана Азербайжан ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүүнүн негизги учуру катары ишке ашырылбаган колдогу мүмкүндүктөрдү камтыган экономикалык кызматташууну диверсификациялоо болуп саналат. Тилекке каршы, тышкы соода жүгүртүү көлөмү эки республиканын колдогу болгон мүмкүндүктөрүнө дал келбейт. Экономикалык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү максатында эки өлкөнүн чарба субьектилери жана ишкерлери ортосундагы кызматташууну активдештирүү боюнча тийиштүү аракеттер зарыл. Муну эске алуу менен биз Кыргыз-азербайжан инвестициялык фондун уюштуруу жана Бишкекте Азербайжан ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусунда инвестициялык форум өткөрүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштайбыз», — деди ал.
Өз кезегинде Премьер-министр Артур Расизаде белгилегендей, Азербайжан Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.
“Биздин өлкөлөр жана бир тууган элдер ортосундагы кызматташуунун келечеги кең. Биздин мамлекеттер арасындагы байланыштар мындан ары карай чыңдала берээрине ишеним бар», — деп билдирди Артур Расизаде.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба жана тамак-аш өнөр-жайы тармагындагы байланыштарды чыңдоо боюнча келечектүү багыттарды тыкыр талкуулады.
Азербайжан Премьер-министри менен жолугушуудан соң, Т.Сарпашев азербайжандык кесиптеши Ягуб Эюбов менен жолугушту. Тараптар Өкмөт аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жана пландар тууралуу, ошондой эле Азербайжандын жогорку жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашты.
Маалымдама:
2014-жылдын 6 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 9,7 млн долларды түзүп, 56,4% жогорулаган. Кыргызстандан Азербайжанга чыгарылган экспорт көлөмү 15,6% жогорулап, 2,6 млн долларды түзгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү