23
Январь
По инциденту на участке отдела пограничной службы «Ак-Шыйрак» Правительством создан штаб под руководством Токона Мамытова
Бүгүн 23-январда, “Ак-Шыйрак” чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Вице-премьер-министр Токон Мамытов жетектеген ыкчам штаб түзүлдү.
Өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылууда. Атышуу болгон жерге күч түзүмдөрүнүн кошумча бөлүгү да тартылды. Учурда мамлекеттин аймагына кирип келген белгисиз адамдар курчоого алынды. Аларды жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү