17
Декабрь
По итогам Межправительственной кыргызско-российской комиссии подписан ряд документов
Бүгүн, 17-декабрда, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык 16-кеңешмесинин жыйынтыгынын негизинде бир катар документтерге кол коюлду:
1. ААК “Кыргызалтын” жана АКБ “Алмазинтех – кеңештер жана инжиниринг” ортосунда биргелешкен ишмердүүлүк боюнча келишим.
Кыргыз тараптан келишимге ААК “Кыргызалтын” төрагасы Дилгер Жапаров, орусия тараптан – АКБ “Алмазинтех – кеңештер жана инжиниринг” башкы директору Валерий Кондратьев кол коюшту.
2. Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын бажы кызматы боюнча эки тараптуу кызматташтыктын 2014-жылга карата иш-чараларынын мерчеми.
Кыргыз тараптан мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов, орусия тараптан Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов Мерчемге кол коюшту.
3. Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов тарабынан соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык 16-кеңешмесинин Протоколуна кол коюлду.
Ошондой эле, ААК “Кыргызстан”Авиакомпаниясы” жана ААК “Сухой”Компаниясы” ортосунда 2014-жылга иш -чараларынын мерчемине да кол коюлду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү