25
Январь
Подписан меморандум о взаимопонимании по сотрудничеству в области развития инфраструктуры электронного правительства между Правительством КР и Управлением ООН по обслуживанию проектов
Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын ортосунда электрондук өкмөттүн инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду.
Документке Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана БУУнун Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын аймактык мүдүрү Брюс Маккарон кол койду.
Тайырбек Сарпашев заманбап байланыш жана технология учурдагы негизги багыттардан экендигин белгиледи. Анын өнүгүшү экономиканы модернизациялоодо стратегиялык багыттардан жана анын жыйынтыгында маалымат технологиясы менен байланыш адамзаттын ишмердүүлүгүндө башкы ролду ойноорун айтып өттү.
“Учурдан пайдаланып, Кыргызстан менен электрондук өкмөт системасын өнүктүрүүдө, бирдиктүү мамлекеттик регистр түзүүдө жана биздин өлкөбүз үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга дилгирлигин билдирген БУУнун башкармалыгына ыраазычылык билдиребиз. Белгилөөчү жагдай, жарандардын мамлекеттик кызматтарга жана алардын сапатына карата электрондук мүмкүнчүлүккө ээ болушун шарттаган биргелешкен реформалар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын дараметин бекемдөөгө багытталат”, - деди Вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Брюс Маккарон Кыргызстан Борбор Азияда демократиялуу мамлекет катары жаркын мисал боло алганын айтты. Кызматташтык электрондук документти биометриялык стандарт жана маалымат базасыз пайдаланууда да колдонулат”, - деп кошумчалады ал.
Тараптар биргелешкен аракет менен мамлекеттик органдардын иши жакшырып, аны менен пайдаланууда ыңгайлуулук жаралат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү