26
Декабрь
Подведены итоги конкурса среди СМИ на лучшее освещение деятельности сельских женщин
Элет жериндеги аялдардын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдырган журналисттер арасындагы республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Эскерте кетсек, сынак 2013-жылдын 1-октябрынан 1-декабрына чейин өттү. Анын башкы максаты – өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салымдарын кошкон элеттик аялдардын ролун чагылдыруу эле.
Комиссиянын чечими менен сынакка катышкандардын эч кимисине биринчи орун ыйгарылган жок. Мындай чечим, сынакка коюлган эмгектердин бири да талапка жооп бербегендиги менен аныкталат. I орун үчүн берилүүчү сыйлык сынакка эмгектери келип түшкөн бир нече авторлор ортосунда бөлүштүрүлдү.
Добуштардын жыйынтыгы менен экинчи орун төмөндөгүлөргө ыйгарылды:
- “Асылзат” программасындагы уктуруулардын сериясы үчүн, КТРК “Биринчи радио” кабарчысы Сайра Батыркуловага;
- “Элеттик аялдардын социалдык көйгөйлөрү” көрсөтүүсү үчүн КТРК “Ой Ордо” ток-шоу программасынын башкы редактору Көкүл Ариповага;
- Макалалар жыйнагы үчүн “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Кифаят Аскеровага;
Ар бир катышуучу 60 миң сом байгеге татыктуу болду.
Үчүнчү орун төмөндөгү журналисттерге берилди:
- Макалалар жыйнагы үчүн “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы Нарынкүл Назаралиевага;
- “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору Антонина Блиндинага;
Эки журналисттин ар бири 30 миң сомдон сыйлык алышты.
Ошондой эле, республикалык жана облустук ММКнын бир катар журналисттери 10 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болушту.
Сынактын байге фонду 300 миң сом.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү