25

Январь

2014

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-январындагы №46 токтому

Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу жөнүндө

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, аларды 2014-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Ш.М.Мирзиеёв менен 2013-жылдын 28-29-ноябрында Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын ишинин учурунда болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды эске алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  1. Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди алып келүү боюнча оператор болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дайындалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду: - Өзбекстан Республикасынын “Узкимесаноат” Мамлекеттик акционердик коомунан 100 000 (жүз миң) тонна минералдык жер семирткич сатып алсын; - Өзбекстан Республикасынан алынуучу минералдык жер семирткичтердин жана аларды ташуу, алып келүү, сактоо жана түшүрүү боюнча кызматтардын акысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аштык буудай сатып алууга каралган каражатынын эсебинен жана унду, ченемден ашыкча товардык-материалдык баалуулуктарды сатуудан түшкөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөсүн; -  минералдык жер семирткичтердин өз убагында түшүрүлүшүн, ташылышын жана сактоого коюлушун камсыздасын; - минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобого ылайык белгиленген тартипте сатсын. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте бир апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна региондордун минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөлөрүнүн 2014-жылга карата эсептерин беришсин. 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.  Премьер-министр                                            Ж.Ж.Сатыбалдиев