14

Май

2013

Түркия насыясынан 38 млн. 500 миң АКШ долларынын көлөмүндө экинчи траншы келди

Түркия Республикасы бере турган 100 миллион долларлык насыялык келишимдин негизинде ушул жылдын 13-майында  38млн.500 миң АКШ долларынын көлөмүндө экинчи траншы келип түштү. 

Аталган каражат төмөндөгүдөй инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат: 

1. КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин линиясы боюнча ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруучу пункттарга жабдыктарды алууга; 

2. Айыл чарба жана мелиорация  министрлигине караштуу Суу чарба департаментине курулуш техникаларын жана механизмдер менен жабдуунун экинчи этабына; 

3. Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү массивинде суу чарба курулушун каржылоого; 

4. Айыл чарба техникаларын лизингдөөнү каржылоого; 

5. Бишкек шаарынын жолдорун курууга жана оңдоого; 

6. Авариялык абалдагы мектептерди оңдоого; 

7. Бишкек шаарынын “Ак-Ордо” жаңы конушунда  подстанциянын курулушуна; 

8. Жол курулушунун техникаларын, бульдозерлорду алууга; 

9.Асфальтбетон заводунун курулушуна. 

Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилген кредиттин  1-марттагы биринчи траншы Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментине курулуш техникаларын жана механизмдерди сатып алууга 895,8 миң доллар жумшалган. 

Мындан тышкары азыр айыл чарба техникалары менен дыйкандарды камсыз кылуу үчүн 1627,8 миң доллар бөлүнгөн.

Жалпысынан “Айыл чарба техникаларын лизигдөөнү каржылоо” долбоорунун алкагында 225 трактор сатылып алынды жана республикага алынып келди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү