21
Январь
Повышена заработная плата социальных работников, обслуживающих на дому лиц с ограниченными возможностями здоровья и пожилых граждан
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунуна кол койду.
Токтомго ылайык, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана улгайган адамдарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлердин негизги эмгек маянасы 3 миң 800 сомдон 6 миң 500 сомго көтөрүлдү.
Маалымат:
Социалдык кызматкерлер ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана улгайган адамдарды жумасына эки жолу, жеке графикке ылайык, үйүнө барып тейлешет. Ал райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилиги тарабынан бекитилет. Социалдык кызматкердин иш убактысы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш.
Бүгүнкү күндө республикада 689 социалдык кызматкер эмгектенет жана 9 миңге жакын жалгыз бой, улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүнө барып тейлешет.
Бул токтомду иш жүзүнө ашыруу максатында 2014-жылдын бюджетинде 48,2 млн сом каралган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү