24
Январь
Повышены ставки акцизного налога на некоторые виды алкогольной продукции
Өкмөттүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Аталган документ Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине кирүүсү чегинде акциз салыгынын чендерин Бажы биримдигинин мүчө өлкөлөрү менен гармониялаштыруу максытында, ошондой эле жаштар үчүн алкоголу аз суусундуктардын жеткиликтүүлүгүн азайтуу үчүн жана бюджетке салык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдун алкоголдук продукциянын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын чендерин көбөйтүүнү карайт:
- ТЭИТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак, литри 40 сомдон 60 сомго чейин;
- ТЭИТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери, литри 40 сомдон 60 сомго чейин;
- ТЭИТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар, литри 40 сомдон 60 сомго чейин;
- ТЭИТН 2208906901, 2208906909 товардык позицияларында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер, литри 30 сомдон 60 сомго чейин.
Токтомдун ишке кириши менен республикалык бюджетке жылына 430,0 млн. сом тартибинде кошумча түшүүлөрдү камсыз кылат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндө күчүнө кирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү