17

Апрель

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 75 жылдык мааракеси менен куттуктоосу

Кымбаттуу И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкерлери! Урматтуу дарыгерлер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эмгек жамаатын, жогорку окуу жайдын негизделишинин 75 жылдык  менен чын дилимден куттуктаймын! Ушул жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы ар түрдүү адистиктеги жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоо боюнча ири окуу-илимий борбору болуп калды. Медициналык академиянын пайдубалын Москва, Ленинград, Харьков, Киев жана Ташкент шаарларынан келген профессорлор менен окутуучулар түптөшкөн. Мындай салтанаттуу күндөрү биз медициналык академияны түзүүнүн башатында турган жана көп жылдар бою ак эмгеги менен окуу жайын педагогикалык устаттыктын жана илимдин чыныгы борборуна айланткан инсандарды сый-урмат менен эскеребиз. Академиянын профессордук-окутуучулук курамы окуу-тарбиялык процесстин сапатын жогорулатуу үстүндө максаттуу түрдө иштеп келатат, дайыма чыгармачылык изденүүдө жүрөт жана замандын талаптарын реалдуу турмушту эске алуу менен чечүүгө жөндөмдүү. Жаңы илимий медицина мектептерин жана багыттарды түзүү, кадрларды даярдоо, өлкөбүздүн алдыңкы илимий-изилдөө мекемелери менен тыгыз кызматташып, эл аралык байланыштарды бекемдөө үчүн көп аракеттер жасалууда. Медициналык академияда алты миңден ашуун студенттер, интерндер, клиникалык ординаторлор жана аспиранттар окушат. Алардын арасында көп өлкөлөрдүн – АКШ, Непал, Ооганстан, Иордания, Түркия, Корея, Индия, Пакистан, Австралия, Германия, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар. Медициналык академия өз окутуучулары менен сыймыктанууга толук укуктуу, алардын ичинде дүйнөгө атагы чыккан көрүнүктүү илимпоздор арбын. Медициналык академиянын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн медициналык уюмдарында ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Академиянын жамааты өзүнүн даңазалуу устаттарынын татыктуу салттарын сактап, мындан ары да кыргыз медицина илиминин өнүгүшүнө зор салымын кошот деп ишенемин. Сиздерге чын жүрөктөн бекем ден соолук, пландардын жана идеялардын ишке ашып, чыгармачылык ачылыштарды, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн багытталган үзүрлүү эмгегиңерде мындан ары да көп-көп ийгиликтерди каалаймын! Премьер-министр Дж.К. Оторбаев