07

Апрель

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаевдин Кыргызстандын дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрам күнү куттуктоосу

Урматтуу Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлери! Сиздерди чын жүрөктөн Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Өткөн жылдар аралыгында биздин өлкөбүз спорттун көп түрлөрүнөн көптөгөн ийгиликтерге жетишип, бул жеңиштер кыргыз спортунун тарых барактарына  өчпөс тамгалар менен жазылып калды. Мамлекетибиз дайыма коомчулукта дени сак жана сергек жашоо образына өзгөчө көңүл буруп келет. Анткени дене тарбия жана спорт коомдун жашоо турмушунда  ээлеген орду өтө чоң. Спорт менен машыгуу ден – соолукту чыңдайт жана бекем эрк, кайраттуулук, өжөрдүк мүнөзүн тарбиялайт. Ал эми, биздин балбан спортсмендерибиздин Дүйнөлүк Чемпионаттарда жана Биринчиликтерде жараткан ийгиликтери (триумфтары), өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жүрөгүндө патриоттук сезимдерди  тарбиялайт. Эгерде мурда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин майрамы, сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгиленип келсе, быйыл алгачкы жолу жазында тактап айтканда 6 – апрелде белгиленип жатат. Анткени Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясынын кабыл алган резолюциясына ылайык, 6 – апрель Эл аралык спорт күнүн өткөрүүдө кызматташуу күнү деп белгиленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014  – жылдын 11  – январындагы №18 токтомунун негизинде, 6 – апрель дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин  күнү деп белгиленген. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм! Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, профессионал спортсмендерге жана дене тарбия жана спорттун күйөрмандарына  албан -албан ийгилик, узун өмүр жана чын ден – соолук   каалайм.