22
Февраль
2014
Поздравление Премьер-министра Кыргызской Республики Ж.Сатыбалдиева с Днем защитника Отечества
Урматтуу ардагерлер, аскерлер жана офицерлер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди Ата-Журтту коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул күн кайраттуу, күчтүү, өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору болгон адамдардын майрамы. Бул майрам мекен үчүн кызмат өтөгөндөргө, учурда аскердик мөөнөтүн өтөп жаткандарга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоого даярдык көрүп жаткан жарандарыбыздын баарына урмат көрсөтүү күнү. Ошондой эле, ак эмгеги жана жоокердик таалыкпастыгы менен биздин мамлекетибиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту ишке ашырган, анын корголушун бекемдеген азаматтарыбызга таазим кылуу күнү. Өлкө жетекчилигинин аракеттери менен бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө, алар биринчи кезекте биздин өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик өз алдынчалыгын коргоого багытталган. Мен бардык аскер кызматкерлерин, согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин Ата-Журтту коргоо күнү менен куттуктайм. Силерге жана силердин үй-бүлөңөргө тынчтык жана чың ден-соолук каалайм. Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев