07

Март

2014

Поздравление Премьер-министра Кыргызской Республики Ж.Сатыбалдиева с Международным днем 8 Марта

Бүгүн, 7-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн 8-Март Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып сөз сүйлөдү.

Куттуктоо тексти:

 

Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди баарыбыз күткөн жаз менен кошо кирип келген Эл аралык майрамыңыздар менен өзүмдүн жана Өкмөттүн атынан чын жүрөктөн куттуктаймын!  

Аялдын жүрөгү «солк» этсе, дүйнө «болк» этет. Ошондуктан элибизде “Эне сабырына чек жок” деген нускалуу сөз айтылып келет. Сиздер үйүбүздүн куту, жашообуздун нурусуздар. Адам жашоосун нурлантып,  элибиздин жүгүн аркалаган эр-азаматтарды тарбиялап, мекенчил сезимдин үрөнүн  жүрөктөргө сээп, улутубуздун уюткусун сактап келесиздер. Сиздердин мээримиңиздер менен жашоонун жарыгы жанып, ыйык коломтобуздун очогу өчпөйт.

Өлкө калкынын көпчүлүгүн түзүшкөн биздин айымдарүйдө мээримдүү эне, тарбиячы, жароокер жар, тышта коомдук ишмер, кызматкер, илимпоз, ишкер, жумушчу.Кыргызстандын аялдары коомубузда жана мамлекетибизде болуп жаткан көптөгөн жакшы жөрөлгөлөрдүн жаратышууда. Сиздер мамлекетибиздин негизги түйшүктөрүн мойнуңуздарга артып, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, аялзатынын улуулугун даңазалап келатасыздар. 

Аял болуу мындан бир кылым мурда кыйын эле, бүгүн да аял болуш кыйын. Аялдардын келечектеги жаркын жашоого, коомдун гүлдөп-өсү­шүнө кошкон салымы зор экендигин эске алуу менен Кыргыз Өкмөтү аларга ар тараптан колдоо көрсөтүүнү өзүнүн эң башкы милдеттеринин бири деп эсептейт.

Аялдарга болгон мамиле менен коомдун маданияты аныкталат. Сиздер тууралуу ырлар жазылып, искусство тармагында чыгармалар жаралып, сиздер үчүн баатырдыкка барабыз.

Ардактуу айымдар!

Ааламда өзгөрбөй турган үч гана нерсе бар. Алар – эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү. Эгерде биздин өлкөбүздө ушул үч нерсе ар дайым болсо, анда элибиздин келечеги болот. Ага биз чалыкпас мээнет, жигердүү аракет менен гана жетише алабыз. 

Дагы бир жолу Сиздерди Кыргыз өкмөтүнүн атынан жаз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!   Дайыма  бактылуу өмүр сүрүп, турмуштун улуу көчүн  мындан ары улай бериңиздер.

Майрамыңыздар менен!

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                    Жантөрө Сатыбалдиев