01
Январь
Поздравление Премьер-министра Кыргызской Республики Ж.Ж. Сатыбалдиева с Новым 2014 годом
Урматтуу мекендештер!
Өтүп бараткан жыл биз үчүн оңой жыл болгон жок, бирок ага карабастан саясий жана экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу менен, ички дүң продукцияны былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга өстүрө алдык. Мамлекетибиздин бюджетине былтыркыга салыштырганда 14 млрд сомго көп киреше чогулуп, жалпы бюджет 92 млрд сомдон ашты. Өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, туризм, кызмат көрсөтүү тармактарында өсүү болду. Айыл чарба тармагына 3 млрд 200 млн. сом жеңилдетилген насыялар берилди. Бул багытта жумуш Жаңы жылда да уланып, 4 млрд сомдон кем эмес каражат жумшалат. Лизингге миңден ашык айыл чарба техникалары берилсе, жол тармагында дагы муктаждыкты камсыз кылган техникалар келе баштады. Республика боюнча 63 жаңы мектептер курулду, Жаңы жылда мындан дагы көп курулат.
Кандай кыйын кыйчалыштар болбосун, эң негизгиси – өлкөдө стабилдүүлүктү, тынчтыкты жана ынтымак-ырашкерликти сактай алдык. Республиканын экономикасынын, социалдык жактан өсүп-өнүгүүсүнүн башкы инвестору бул – мамлекеттеги коомдук жана саясий туруктуулук, биримдүүлүк, тынчтык жана достук. Өлкөдө туруктуулук болсо, Кыргызстан мындан да жогорку жетишкендиктерге жетет.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы жылда өлкөбүздүн экономикасын, инфраструктурасын өнүктүрүүдө, кошумча жумуш орундарын түзүүдө маанилүү бир катар ири долбоорлорду энергетика, тоо кен, айыл чарба, жол тармактарында иш жүзөгө ашырууга милдеттүүбүз.
Элибизде эзелтеден бери, күлүк ат адамдын канаты деп өзгөчө сыймык менен айтылып келет. 2014 – жыл - Жылкы жылы элибиздин духуна, рухуна канат байлап, алгалай өсүшүнө даңгыр жол ачып берсин! Элибиз ыйык туткан ушул жылкы жылында жашооңузда кубанычтуу күндөр көп болсун, Сиздерге бекем ден – соолук, чексиз бакыт каалайм!
Жаңы Жылыңыздар менен!