20
Декабрь
Поздравление Премьер-министра Кыргызской Республики Жанторо Сатыбалдиева с Днем энергетика
Урматтуу энергетиктер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар- Энергетиктер күнү менен чын ниетимден куттуктайм.
Энергетика – биздин мамлекеттин экономикасын түзүүчү тармак. Ошол себептен, Кыргыз Өкмөтү анын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурат. “Русгидро” менен Жогорку-Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча түзүлгөн келишим энергетика тармагынын өнүгүшүнө сапаттуу түрткү болот. Мерчемделген объектилердин ишке берилиши менен биздин энергетикалык дараметибиз жана экспорттук мүмкүнчүлүгүбүз артат.
Мындай энергетикалык көз карандысыздык өндүрүштүн өнүгүшү үчүн кеңири жардам болот жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, атаандаштыкка алып келип, адистердин жаңы технологияларды өздөштүрүүсүнө өбөлгө болот.
Биздин күнүмдүк турмушубузду да электр жарыгысыз элестетүү мүмкүн эмес. Биздин жашоо шартыбыз да ушуга ылайыкташтырылган. Күнүгө эртең менен ойгонгондон кечке чейин электр жабууларын пайдаланабыз. Ошол себептен, айрым учурда энергетиктерди жарыктын өчүрүлүшү үчүн урушканыбызга карабай, алардын эмгегин баалообуз керек.
Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери!
Ушул күнү Кыргызстандын баардык энергетиктеринин ишине ийгилик, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!
Сиздердин жаратмандык эмгегиңиздер биздин мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү үчүн кызмат кыла берсин!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев