07
Январь
Поздравление Премьер-министра Жанторо Сатыбалдиева с праздником Рождества Христова
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу Кыргызстандык православ дининин өкүлдөрү!
Биздин өлкөнүн баардык православ христиандарын Иса пайгамбардын туулган күнү менен чын ниетимден куттуктайм. Бул боорукердиктин, тынчтыктын жана гуманизмдин майрамы.
Ушул күн адамдарга жакшылык менен адилеттүүлүккө ишенүүгө, кайрымдуулук менен чыдамкайлыкка үйрөтөт, кең келечекке үмүт арттырат.
Мусулман, христиан жана башка диндердин өкүлдөрү ынтымакта жашаган Кыргызстанда христиан коому биздин өлкөнүн жашоосуна алакалашып, биздин элдин бөлүнгүс бөлүгү бойдон калууда. Биз баарыбыз биздин ийгиликтерибизге кубанып, оорду толгус жоготууларга аза күтөбүз. Биздин сүйүктүү мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсү үчүн ар башка маданият менен коом деңгээлдеринин диалогу негизги факторлордон болуп калат.
Бул күн Кыргызстандын келечеги үчүн ар бирибизге ишеним алып келген күн болсун!
Баардыгыңыздарга майрамдык жаркын маанай каалайм!