17

Декабрь

2013

Правительства Кыргызстана и России намерены открыть совместный круглогодичный детский лагерь

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына маалымат берип жатып билдирди.

Жантөрө Сатыбалдиев билдиргендей, кыргыз тарап “Артек” сыяктуу жайдыр-кыштыр иштөөчү балдар лагерин түзүү жөнүндөгү орус тараптын демилгесин колдойт.

Премьер-министр лагерь Ысык-Көл облусунда ачылаары мерчемделип жатканын да маалымдады.

Тиешелүү органдарга аталган маселенин тегерегинде иш алып баруу тапшырмасы берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү