25
Июль
Правительство обсудило итоги социально-экономического развития страны за январь-июнь текущего года
Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү.
Күн тартибине 3 маселе коюлган.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын январь-июнь айы үчүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы тууралуу;
2. 2013-жыл жана 2014-жылдын биринчи жарым жылдык жыйынтыгы боюнча 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышы тууралуу;
3. Мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укуктары тууралуу мыйзам нормаларынын аткарылышы жөнүндө.
Биринчи маселе боюнча экономика министри Темир Сариев баяндама жасады.
Өз сөзүндө ал үстүбүздөгү жылы ИДП өсүшү 7% кем эмес көрсөткүчтү түзүшү керектигин, бирок экономиканын өнүгүү темпи жайлап, алдын-ала баалоолор боюнча 151,7 млрд. сом көлөмүндө түзүлүп жана иш жүзүндө 4,1% өсүш болгондугун белгиледи, 2013-жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде өсүш 8,1 % барабар болгон.
Натыйжада, бардык тармактар экономикалык өсүшкө ээ болгон, алардын айыл чарбадагы оңдуу салымы 0,2 пайыздык пунктка, ал эми өнөр-жай, курулуш,тейлөө тамагында 1,1 пайыздык пунктка барабар болгон.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын январь-июнь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын июнь айына карата 4,1% төмөндөгөн жана жыл башынан бери 5,0 пайыздык пунктка түшкөн, натыйжада, көрсөтүлгөн мезгилде күтүлгөн экономикалык өсүш 4,9 % түзүп, 0,8 пайыздык пунктка аткарылбай калган.
Ошондой эле экономика министри белгилегендей, отчеттук мезгилдеги негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр орун алган негизги тышкы факторлор катары Казакстан, Кытай, Россия жана Беларустагы экономикалык өнүгүү көрсөткүчү эсептелсе, жагымсыз факторлорго ички рыноктогу азык-түлүк товарлар тобунун импорттон көзкарандылыгы эсептелет, (2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Brent маркасындагы мунай баасына карата баа 1,4 % жогорулады).
Ички оңдуу факторлор катарына бизнес жүргүзүү үчүн текшерүүлөрдү, лицензиялар санын жана башка мамлекеттик жөнгө салуучу чараларды кыскартуу, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү, айыл чарба техникасын лизингге берүү жана матрезерв эсебинен КММ бөлүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу керектөөчү кредиттердин өсүүсү сыяктуу жагымдуу шарттардын түзүлүшү кирет.
Жагымсыз ички факторлор катары жаздын кечигип келиши, жаан-чачын аздыгына байланыштуу суунун аздыгы, бул фермерлерге айдоо-себүү иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук келтирди, бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттин пайыздык үстөгү жогору болгондугу эсептелет.
Ошондой эле экономика министри белгилегендей, отчеттук мезгилде Кыргызстандын бажы биримдигине кириши боюнча бир катар маанилүү иш-чаралары өттү. Тактап айтканда, 29-майда КР РФ өкмөттөрү аралык евразия экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу келишимге кол коюлду. Натыйжада Россия Федерациясы алгач Бажы биримдигин, андан соң Евразиялык экономикалык аймакка кирүүгө көмөк берет. Россия тараптан Кыргызстанга 1,2 млрд. доллар берилет, ага уставдык капиталы 500 млн доллардык Кыргыз-россия өнүктүрүү фондун түзүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, Россия кайтарымсыз негизде Кыргызстанга дагы Бажы биримдигинин Жол картасын ишке ашыруу үчүн 200 млн доллар берсекчи.
Темир Сариевдин айтымында, болжолдонгон экономикалык өнүгүү деңгээлине жетишүү максатында макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү мониторингдөө боюнча иштер такай жүрүүдө.
Ошондой эле жыл соңуна дейре быйылкы түшүмдү өз убагынан калтырбай жыйып-терүү, күздүктү себүүнү өз маалында уюштуруу боюнча чаралар кабыл алынат. Фермерлерге берилген жеткиликтүү кредит долбоору боюнча берилген каражаттардын натыйжалуу жумшалуусу көзөмөлгө алынып, иштебей турган ишканаларды ишке киргизип, алардын кубаттуулугун күчөтүү боюнча иштер жүрүп, келерки күз-кыш мезгилине даярдыкты активдүү уюштуруу чаралары ишке ашырылат.
Андан соң социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча облустардагы өкмөт өкүлдөрү жана район акимдери баяндама жасады. Аларды уккан соң, Премьер-министр Ж.Оторбаев жергиликтүү администрация башчыларынын ишин сынга алып, жер-жерлердеги иштер тийиштүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын белгиледи.
“Эгерде сиздер калк көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүгүңөр жок болсо, отурган кызматыңыздарды бошотуңуздар. Мындай форматта биз иштей албайбыз. 9 ай жыйынтыгы боюнча сиздердин ишке баа берилет, жүктөлгөн милдеттерди аткара албагандар кызматтан бошотулат», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Өкмөт жыйынынын күн тартибиндеги биринчи маселени кароо жыйынтыгы боюнча, эскертүүлөр жана сунуштар эске алынуу менен “КР Өкмөтүнүн январь-июнь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы жөнүндө” Токтому кабыл алынды.