19

Февраль

2014

Правительство принимает меры по недопущению резкого повышения цен на социально-значимые товары и услуги

Бүгүн 18-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук банктын, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Финансы министрлигинин, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, Мамлекеттик байланыш агенттигинин, Кыргызстандын нефти соодалоочулар ассоциациясынын жетекчилеринин жана башка жооптуу адамдардын катышуусу менен кеңешме өткөрдү.

 Талкуунун негизги темасы өлкөнүн валюта рыногундагы абалга байланыштуу маселе болду.

 Жолугушууда социалдык маанилүү товарларга (ун, нан, эт, сүт, май, кант, күйүүчү-майлоочу материалдар ж.б.) жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын кескин кымбаттоосун болтурбоо үчүн Өкмөт тийиштүү чараларды көрүп жатканы айтылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Акча-кредит саясатынын негизги багыттарына ылайык иш жүргүзүп, сомдун алмашуу курсундагы олку-солкулуктарды жумшартуу жана валюталык рыноктогу спекуляциялык иштерди болтурбоо үчүн интервенция жасап жатат. Элдин чет өлкөлүк накта акчага болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн Улуттук банк зарыл болсо банк системасын АКШнын накталай доллары менен камсыздайт.

Улуттук валютаны АКШ долларына алмаштыруу үчүн долларга карата мүмкүн болгон керектөө Улуттук банктын эл аралык резервдеринин эсебинен орчундуу запас менен жабылат. Элдин, экономикалык субъекттердин валютага болгон керектөөсүн канааттандыруу, курстун стабилдүү динамикасын камсыздоо үчүн керектүү өлчөмдөгү ресурстар бар.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:

- финансылык спекуляцияларды жана азык-түлүк товарларга баанын негизсиз кымбатташын болтурбоо үчүн тийиштүү чараларды көрүү, акча алмаштыруучу пункттардын иштерин контролдоо;

- социалдык маанилүү товарларга ар күн сайынкы мониторинг;

- тамак-аш продуктулардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын  товардык запастарына баалоо жүргүзүү;

- ички рынокто азык-түлүктү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ири өлчөмдө сатып алууларга байкоо жүргүзүү;

- ун жана ун-азыктары баалар кескин кымбаттаган учурда – материалдык резервдеги буудайдын запасын брондон чыгаруу жолу менен бааны кармоо боюнча чараларды көрүү;

- коммуналдык кызматтарга баалардын кымбатташын болтурбоо боюнча иш жүргүзүү.

Ушул айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы элди дүрбөлөң түшпөөгө, доллардын курсу көтөрүлгөнгө жана айрым товарлар менен продуктуларга баалардын сезондук кымбаттоосуна байланыштуу ажиотаж жаратпоого чакырышат.

Маалымат: Азыркы учурда буудайдын, сүттүн, эттин, ундун запасы бааны ушул азыркы деңгээлинде кармап турууга мүмкүндүк берет. Мисалы, 2013-жылдын жыйынтыгында буудайдан жакшы түшүм алынып, 820,0 миң тонна болгон, бул 2012-жылга караганда 279,0 миң тоннага көп.

Импортту кошо эсептегенде, тамак-аш продуктулары менен камсыздык азыркы учурда мындай: нан – керектөөгө карата 153%, картөшкө – 154%, сүт – 119%, жашылчалар – 139%, өсүмдүк май – 112,3%, кант – 72%. Бул бааларды кымбаттатпоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын Нефти соодалоочулар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын запасы жетиштүү жана аларга баа кымбаттоосу күтүлгөн жок. Нефти соодалоочулар, ун тартуучулар жана башка импортчулар менен бааны негизсиз кымбаттатпоо жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү