24
Декабрь
Правительство внесло в Жогорку Кенеш проект Соглашения об условиях реструктуризации проекта «Кумтор»
Бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда “Кумтөр” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы каралды.
“Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүлөр боюнча Консультативдик кеңеши тарабынан 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомун аткаруу максатында, “Центера Голд Инк” компаниясы менен кошумча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан “Кумтөр” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө Келишим долбоору сунушталган.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Кумтөр” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө Келишим долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталды.
Бүгүн, “Кумтөр” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү