07
Февраль
Правительство закупило 2 флюорографических аппарата
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Чүй облусундагы Панфилов райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору менен Кемин районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору үчүн “ПроСкан-2000” флюорографиялык аппаратын сатып алды.
Бүгүн, 7-февралда, Панфилов райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна аталган аппараттын бири тапшырылды.
Өлкөдө кургак учук, шишик ооруларынын кескин көбөйүүсүнө байланыштуу эки жаңы флюорографиялык бөлмөлөрдүн ачылышы ооруну жаңы башталганда билүү жана аны менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтык чыгарууга жардам берет. Бул биздин элибиздин ден-соолугу үчүн кам көрүүнүн дагы бир жолу.
Жогорудагы аппараттын негизги артыкчылыгы кургак учук, эхинококк, шишик жана башка өпкөнүн кесел дарттарын башталуу баскычында аныктап, пленкага чыгарбай эле компьютердик монитордон чоңойтуп, кичирейтүү аркылуу дартка аныктама берүүгө болот.
Сатылып алынган ПроСкан-2000” флюорографиялык аппаратын орусиялык ЖАК “Рентгенпром” чыгарган. Бул заманбап компьютердик башкаруудагы санариптик флюроаппарат саатына 60 адамды кабыл алып, эл аралык коопсуздук талаптарына жооп берет.
Программалык камсыздоодогу аппарат баардык медициналык маалымат системасын киргизүү менен адис татаал дарт аныктамаларын тастыктай алат.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду “ПроСкан-2000” флюорографиялык аппаратын сатып алууга 10 млн. сом бөлгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү