10
Февраль
Представители деловых кругов поддержали линию по вступлению Кыргызстана в Таможенный союз
“Кыргыз Республикасынын Бажы уюмуна кириши: о жана терс жактары” аталышындагы бизнес-форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылышты.
Өз кайрылууларында бизнес-форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан Кыргызстандын Бажы уюмуна улуттук экономикалык кызыкчылыктарды эсепке алуу менен кирүүсү боюнча жүргүзүп жаткан саясатын колдой тургандыктарын билдиришти.
“Бажы уюмуна кирүү менен тоскоолдуктар алынып салынат, биздин өлкө үчүн соода мейкиндиги кеңейет. Биз Бажы уюмуна киришибиз менен Кыргызстанда экономиканын жанданышы башталат. 180 миллион калктуу рынок керектөөчүлөрдүн арасында Кыргызстандын инвестициялык кызыктыруучулук сапаты артат. Мүчө мамлекеттер менен соодада тарифтик, тарифтик эмес, техникалык тоскоолдуктардын жоюлушу менен бул мамлекеттерге Кыргызстандын экспорттук дарамети жогорулайт. Рыноктун кудурети менен сыйымдуулугу көбөйөт”, - деп айтылат катта.
Муну менен бирге форумдун катышуучулары республикалык ветеринардык диагностика борборун санитардык-ветеринардык лабораториясын Бажы уюмунун талаптарына жооп бергидей заманбап үлгүгө алып келүү зарылдыгын билдиришти.
Кайрылуунун соңунда ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Жол картасын кабыл алууда Кыргызстандын кызыкчылыгынын өңүтүнөн кароо зарыл экенин айтышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү