24
Июнь
Премьер-министр Дж. Оторбаев и Посол Таджикистана в КР обсудили вопросы взаимовыгодного сотрудничества
Бүгүн, 24-июнь күнү КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы Тажикстандын Толук жана Ыйгарым укукту элчиси Олим Рахимов менен жолугушту.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан жана Тажикстан республикалары аралык эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашуулар орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев чекара маселесин чечүүдө жана кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасындагы коопсуздукту камсыздоодо өз-ара сый жана шериктештик мамиле менен конструктивдүү кадам жасоо эки өлкөнүн тийиштүү органдарына кандайдыр-бир чырлуу абалдын алдын алуусуна шарт түзөөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле өкмөт башчы белгилегендей, акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода көлөмүнүн жогорулашы байкалууда.
«Кыргызстан соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Акыркы жылдары соода жүгүртүү көлөмү 3 эсеге жогорулады, бул эки тараптуу мамилелердин, анын ичинде суу-энергетикалык жана транспорт тармагындагы алаканын күч алуусунан кабар берет», — деди ал.
Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын элчиси эки өлкө аралык соода-экономикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик чекара маселесинин жөнгө салынышына кызыкдар экендигин билдирди. “Кыргызстан Тажикстандын стратегиялык шериктеринин бири катары саналат жана мамлекеттик чекара маселесин жөнгө салуу боюнча тийиштүү чечимдин кабыл алынышы эки өлкө аралык мамиленин жаңы деңгээлге өсүп чыгышына мүмкүндүк түзөт», – деп белгиледи элчи.
КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү