04

Июль

2014

Премьер-министр Дж. Оторбаев лично вручил Почетные грамоты Правительства КР медработникам из разных регионов страны

Бүгүн, 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын ар-бир облусунан келген 7 медициналык кызматкерди кабыл алды жана аларга Медициналык кызматкерлер күнүнө карата КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасын өз колу менен тапшырды.

“Бүгүн биз сиздердин эмгекти, ар-бир күнкү жараткан каармандыкты белгилейли деп чечтик. Сиздердин араңыздарда сапаттуу медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүк чектелүү эсептелген өлкөнүн алыскы аймактарында эмгектенгендер бар. Буга байланыштуу сиздердин эмгек баалуу жана элге зарыл. Бу багытта биз дарыгерлердин алыскы аймактарында калып иштешине колдон келген аракетти жумшообуз зарыл», — деди Жоомарт Оторбаев.

“Сиздер аркылуу биз саламаттык сактоо кызматкерлерин жалпыбызга жасап жаткан камкордугу, мээримдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин жарандардын ден-соолугун коргоо – бул өкмөттүн эң негизги милдеттеринин катарына кирет. Ошондуктан биз ыңгайлуу жана комплекстүү дарылоо, оорулардын алдын алуу үчүн шарттарды түзүп гана тим болбостон, улут ден-соолугу үчүн талыкпастан күрөшкөн дарыгерлердин көптөгөн социалдык көйгөйлөрүн чечүүбүз керек», — деп кошумчалады Премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү