25
Июнь
Премьер-министр Дж. Оторбаев обсудил с партнерами по развитию институциональную поддержку реформ госсектора
Бүгүн, 25-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Дүйнөлүк банк жана Великобритания эл аралык өнүктүрүү министрлигинин делегациясын кабыл алды.
Жолугушуу учурунда тараптар 2014-жылдын 20-майында КР Өкмөтүнүн буйругу менен мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасында каралган иш-чараларды баалоо жана институционалдык колдоо көрсөтүү маселесин тыкыр талкууга алды.
Аталган буйрук боюнча мамлекеттик секторду реформалоонун төмөнкү келечектүү багыттары аныкталган, алардын катарына антикоррупциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына байланыштуу сот-укуктук реформасы, мамлекеттик финансыны башкаруу тутумун реформалоо, мамлекеттик кызмат тутумун реформалоо, мамлекеттик башкарууну реформалоо, электр энергетика тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо, тоо-кен тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо кирет.
“Биз шериктер менен биргеликте маанилүү мамбашкаруу секторлорун реформалоо боюнча экинчи жылы катары менен иш алып баруудабыз. Натыйжалуу координациялоо үчүн так Жол картасы иштелип чыккан. Учурда анда 66 иш-чара каралган, анын 25и – кыска мөөнөттүү, ал эми 48и – бекитилген финансылык камсыздоого ээ жана тийиштүү адамдык ресурстар менен жабдылган», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өз кезегинде делегация өкүлдөрү белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда аяктап жаткан кыска мөөнөттүү иш-чаралардын биринчи этабы ийгиликтүү жана өз мөөнөтүндө жыйынтыкталууда.
Жолугушуунун соңунда Жоомарт Оторбаев мамсектордогу реформаларды колдоо үчүн кошумча ресурстарды тартуу мүмкүндүгүн талкуулоо максатында КР өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча шериктер менен өз ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңештин кезексиз жыйынын уюштуруу зарылдыгын билдирди.
КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү