08

Август

2014

Премьер-министр Дж.Оторбаев осмотрел фасолевые поля в Таласской области

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев иштиктүү сапар алкагында Талас районундагы төө буурчак эгилген талааларды кыдырып чыкты.

«Өткөн жыл Талас облусунун дыйкандары үчүн түшүмдүү болду, таластыктар төө буурчактан жакшы түшүм алды. Болжол менен 90 миң тонна түшүм жыйналган жана төө буурчак жакшы баа менен сатылды, жалпысынан дыйкандар түшүм эсебинен 200 млн доллардан ашуун пайда тапкан. Буга байланыштуу төө буурчак республиканын Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында эгиле баштады», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Төө буурчак талааларын кыдыруу учурунда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев үстүбүздөгү жылга карата болжолдонгон түшүмдүүлүк боюнча маалыматты сурады.

Талас облусундагы Өкмөттүн туруктуу өкүлү Койсун Курманалиева быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк төмөн болоорун маалымдады.

“Түшүмдүүлүккө суунун аз болушу терс таасирин тийгизүүдө. Дыйкандар быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу төө буурчакты 11 миң га көбүрөөк себишкен, буга байланыштуу биз өткөн жылдын көлөмүндөй эле төө буурчак түшүмүн алууну болжолдоп турабыз. Ошондой эле ага карата баа өткөн жылдын деңгээлиндей эле болоору күтүлүүдө, башкача айтканда, анын 1 кг 120 сомдон бааланат”, — деди Койсун Курманалиева.

“Суу тартыштыгына байланыштуу сугат сууну натыйжалуу пайдалануу керек, андыктан, тамчылатып сугарууга өтүү зарыл. Россия Евробиримдик жана АКШ мамлекеттеринен жашылча-жемиш алууга тыюу салгандыгына байланыштуу өлкөнүн экспорттук мүмкүндүгүн арттыруу керек», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр жеринде Айыл чарба жана мелиорация министрлигине тамчылатып сугаруу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүндүгүн жогорулатуу боюнча программа иштеп чыгууну тапшырды.

[gallery ids="39688,39690,39689"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү