11
Август
Премьер-министр Дж.Оторбаев посетил ряд социально-экономических объектов Таласской области
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас облусу боюнча иш сапарынын алкагында «Агро-Сантино Талас» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Ишкананын аткаруучу директору Тойчубек Жумашевдин айтымында, «Агро-Сантино Талас» эки ай мурда товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникасы, төө буурчак жыйноочу комбайндар, тазалоочу жана башка тийиштүү техника менен камсыздоо максатында ачылган.
“Көрсөтүлгөн тейлөө ордуна биздин компания дыйкандардан продукция сатып алууга ниеттенүүдө. Учурда жалпы суммасы 560 миң АКШ долларына 20 трактор жана 20 төө буурчак түшүмүн жыйноочу комбайн сатылып алынган. 30 иш орду түзүлгөн, инвестициялар Болгариядан тартылган», — деди Т.Жумашев.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт бул сыяктуу компаниялардын өлкө аймактарында ачылышын колдоого алат. Жоомарт Оторбаев ишкана жетекчилигине аны кеңейтүүнү жана төө буурчакты иштетүү боюнча цехтерди ачууну сунуштады.
Андан соң Өкмөт башчы Чоң Талас каналынын жана Киров суу сактагычынын абалы менен таанышты.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев Премьер-министрге суу аздыгына байланыштуу Чоң Талас каналындагы суу көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсе аз экендигин белгиледи. «Өткөн жылы каналда секундасына 11 м куб суу акса, учурдан анын көлөмү 3 м. кубдан ашпайт. Учурда Дүйнөлүк банктын колдоосу боюнча каналды оңдоо-калыбына келтирүү иштери өткөрүлүүдө. Акыркы үч жылда бул максатта 40 млн 600 миң сом багытталган. Киров суу сактагычында абал ушундай эле, өткөн жылга салыштырмалуу суу көлөмү дээрлик 2 эсеге аз», — деди ал.
Ж.Оторбаев белгилегендей, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча натыйжалуу программа иштеп чыгуу зарыл. «Жыл өткөн сайын сууга карата муктаждык жогорулай берет. Ал эми Бажы биримдигине кирүүбүз биздин айыл чарбанын өнүгүшүнө чоң түрткү берет. Ошондуктан ирригациялык саясатты өзгөртүү керек”, — деди Премьер-министр.
Талас облусундагы Кара-Буура районундагы «Эмилия» ЖЧК кыдыруу учурунда сүт продукциясын өндүрүүнү кеңейтүүнү сунуштады. Сүттү кайра иштетүүчү ишкана директору Жандар Жолоевдин айтымында, иштер 2004-жылы башталган. «Өткөн жылы 128 тонна сыр жана 19 тонна май өндүрүлүп чыгарылган. Продукция Казакстанга экспорттолууда», -деди директор.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт кайра иштетүү ишканалардын экспорттук мүмкүндүгүн жогорулатуу боюнча чоң иш жүгүргүзүүдө. Андан соң Өкмөт башчы Бакай-ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатынын жаңы окуу жылына жана келерки жылытуу мезгилине карата даярдыгы менен таанышып чыкты.
[gallery ids="39783,39784,39786,39787,39788,39789,39790,39791,39792,39793,39794,39795,39796"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү