07
Апрель
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу мүдүрү Кодзухито Когучини кабыл алды
Бүгүн, 7-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу мүдүрү, директорлор кеңешинин Япониядагы мүчөсү Кодзухито Когучини кабыл алды.
Премьер-министр аталган эл аралык каржы институтунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ээлерин айтты. Жолугушууда Азия өнүгүү банкынын 2020-жылга карата өнүгүүсү боюнча Стратегиясынын долбоору, аталган банктын Кыргызстанда жеке сектор катары өнүгүшү, жакырчылыкты жоюу боюнча Япониялык фонддун ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн убакыттан бери ар кандай долбоорлорго 1,3 млрд. доллар каражат салды. Анын ичинен акыркы 5 жылда Кыргызстандын экономикасына 500 млн. доллар инвестиция тартылып, аталган өнөктөш менен кызматташтыктын жигердүүлүгүн жана тереңдешин далилдеди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү