07

Апрель

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Апрель элдик революциясынын 4 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Бүгүн, 7-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 4 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев алгач, 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдик боштондук үчүн курман болгондордун Монументине гүл коюу иш-чарасына катышты. Андан соң, Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Чоң-таш айылында жайгашкан “Ата-Бейит”  мемориалдык комплексиндеги тактага гүл койду. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Аксы окуясында жана Апрель окуясында курман болгондорго куран түшүргөн сыяктуу эле, бул жерде да куран окулду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү