16
Июль
Премьер-министр Дж. Оторбаев провел Координационный совет по макроэкономической и инвестиционной политике с участием Полномочных представителей ПКР в областях
Бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында министрлик жана ведомство жетекчилеринин, ошондой эле облустардагы өкмөттүк өкүлдөрдүн катышуусунда КР Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш болуп өттү.
Жыйынды ачууда Жоомарт Оторбаев июль айынын соңуна белгиленген КР Өкмөтүнүн жыйынынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Премьер-министрдин маалыматы боюнча, аталган жыйындын күн тартибине бир нече маселе киргизилген, анын катарында КР 2014-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жыйынтыктар жана 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын аткарылышы каралат.
Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, жыйындан соң бардык облустук райондордун акимдеринин катышуусунда бир катар министрликтердин КР Бажы биримдигине кириши, энергетика тармагындагы орто мөөнөттүү баа саясаты, күз-кыш мезгилине даярдык, айыл чарба линиясы боюнча гранттык программалар, түшүм жыйноо, сугат суу менен камсыздоо, эпизоотикалык абал, биометрия, капиталдык салымдар жана ичүүчү суу маселеси темасына арналган бир катар маалыматтык сессиялардын өткөрүлүшү пландаштырылууда.
Өкмөт башчы билдиргендей, жыйында облустардагы өкмөттүк өкүлдөрдүн жана бардык район акимдеринин иши талдоого алынып, республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүлөр көлөмү, түзүлгөн жумушчу орундардын саны, тартылган чет элдик инвестициялар көлөмү, жаңы ишканалардын ишке киргизилиши жана башка көрсөткүчтөр боюнча алардын ишине баа берилет.
Андан соң Кеңеш алкагында баяндамалар угулуп жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылга жана жакынкы жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү талкууланды.
Өкмөттүн Аппаратына Экономика министрлиги тараптан “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу тууралуу” токтом долбоору киргизилген, анын негизинде келерки жылга карата республикалык бюджет эсептелип чыгат.