03

Июль

2014

Премьер-министр Дж. Оторбаев проверил ход строительства школы в жилмассиве «Ала-Тоо» г. Бишкек

Бүгүн, 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” жаңы конушундагы орто мектеп курулушунун жүрүшүн текшерди, имарат 500 окуучуга эсептелген жана жалпы аянты 5126,47 м кв. барабар.

Жоомарт Оторбаев имаратты карап чыгып, долбоор жетекчилери менен маектешүүдөн соң, курулушту жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын, ошондой эле курулуш иштери бекитилген календардык планга ылайык бүткөрүлүшүн тапшырды.

Мектеп курулушу 2012-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргызстан жана Казакстан республикаларынын Өкмөт аралык келишимине ылайык ишке ашырылууда. Аталган документке ылайык, Ош шаарындагы мектептин курулушу да каралган. Учурда жалпы билим берүүчү эки мектепти курууга багытталган 1 200 800,0 миң тенге толугу менен Кыргыз Республикасына которулуп берилген.

Аталган обьектини пайдаланууга берүү мөөнөтү 2014-жылдын 1-ноябры деп белгиленген жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттиги тарабынан курулуш жүрүшүнүн тийиштүү календардык планы даярдалган, учурда ал ишке ашуу алдында турат.