02

Июль

2014

Премьер-министр Дж. Оторбаев раскритиковал работу Государственной Таможенной Службы за невыполнение плана по сбору таможенных платежей

Бүгүн, 1-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча республикалык бюджет болжолун аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын (МБК) жетекчилигин планды аткарбагандыгы үчүн сынга алды. Премьер белгилегендей, 2014-жылдын 1-кварталында Бажы жана Салык кызматы тарабынан жалпысынан 2 млрд сом чогултулбай калган жана кыска мөөнөт ичинде МБК бажы төлөмдөрүн администрациялоону натыйжасыз жүргүзүп жаткан аймактык подразделениелердин ишин талдоого алууну талап кылды. Ошондой эле премьер-министр талдоо жыйынтыгы боюнча конкреттүү кызматкерлерди кызматтан бошотуу тапшырмасын койду. Маалымдама: Үстүбүздөгү жылдын июнь айында бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча бюджеттин аткарылышы 86,6% түзүп, дээрлик 460 млн сом чогултулбай калган. Мисалга алсак, июнь айында Түштүк-батыш бажысында пландын аткарылышы болгону 59,9% түзсө, ал эми «Манас» бажысыныкы 61% гана түздү. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Бажы кызматы планды 93% гана аткарган, мында мамказнага 1 млрд 200 миң сом түшпөй калган.