18

Июль

2014

Премьер-министр Дж.Оторбаев: «Российский грант в размере 30 млн. долл. США будет направлен в Ош для прохождения осенне-зимнего периода»

Бүгүн, 18-июлда, КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев иш сапар алкагында Ош шаардык ЖЭБге барды. «Ошэлектр» ААК, “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы жана Ош шаардык ЖЭБ жетекчилери өкмөт башчыга келерки күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Ош ЖЭБ директору Анарбек Аттокуровдун айтымында, жылытуучу мезгилге карата даярдык графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана анын башталышына карай ЖЭБ ишке даяр болот.

Премьер-министр өз кезегинде Ош шаарынын жылытуу мезгилине даярдоо максатында 261 млн сом бөлүнгөндүгүн белгиледи. Ошондой $30 млн өлчөмүндөгү россиялык грант бөлүнгөн. Алардын ичинен түштүк калаага 1 млрд сом , ал эми Ош облусу үчүн калган 500 млн сому бөлүнөт. «Газ менен камсыздоого байланыштуу көйгөйлөргө жараша биз түштүк аймактын энергетикалык кубаттуулугун мүмкүндүгүн колдон келишинче күчтөндүрүүбүз зарыл. Бул максатта энергетика министри жетекчилик кылган Атайы штаб түзүүнү тапшырам», — деп белгиледи Премьер-министр.

“Биз ириде Ош жана Жалал-Абад шаарларын кышка даярдоо маселесине көңүл бурабыз. Ага катар отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча иштер кызуу жүрөт», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Ошондой эле Ж.Оторбаев маалымдагандай, «Ошэлектр» ААК энергетикалык мүмкүндүгүн чыңдоо үчүн 100 млн сом бөлүштүрүлөт. ЖЭБ директору маалымдагандай, кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында 3 млн 300 миң сом суммасына турган №1-трансформатор алмаштырылып, ал эми 3 буу казан кышка толугу менен даярдалган. ЖЭБ жаңы абоненттерди жылуулук менен камсыздоого даяр. Бүгүн шаарда 117 көп кабаттуу турак-жай жылуулукка туташтырылган эмес, анын 40ын үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре кошуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, биз үчүн Ош шаарындагы 23 жатакана көйгөй туудурууда, аларды жылуулук тутумуна туташтыруу үчүн болжол менен 40 млн сом керектелет», — деп белгиледи ЖЭБ директору.

Өз кезегинде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев төмөнкүлөрдү билдирди: «Бүгүнкү күндө Ошто газ баллондор менен камсыздоо көйгөйү толугу менен чечилди, аларды үч компания көрсөтүүдө. Ошондой эле ал Өкмөт башчыга Ош шаарында 5 көйгөйлүү көмөкчордон которулгандыгын, дагы бешти которуу пландаштырылып жаткандыгын жана мындан тышкары үч жарым км кабелдик линиялар алмаштырылгандыгы тууралуу маалымдады.

Учурда “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын балансында 58 буу казан бар, анын 20сы электр, 38и – көмүр менен иштейт, жогорудагы 20 даана электр менен иштөөчү буу казандын бешөөнү көмүргө өткөрүү пландаштырылууда. Шаардын энергетикалык кубаттуулугун күчөтүү максатында 30 млн сомго ар-биринин кубаттуулугу 16 МВА эсептелген 2 трансформатор сатылып алынат.

Премьер-министр Ж.Оторбаев көмүргө өтүүнүн натыйжалуу жолун камсыздоону тапшырды.

[gallery ids="38721,38722,38723,38724,38725,38726,38727,38728,38729"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү