18
Июль
Премьер-министр Дж.Оторбаев: "В ближайшие годы население г. Ош будет полностью обеспечено чистой питьевой водой"
Бул туурасында бүгүн Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ош шаары боюнча иштиктүү сапарынын алкагында “Өзгүр” суу тазалоочу жайдын иши менен таанышуу учурунда билдирди.
Ош шаардык сууканал муниципалдык ишканасынын директору Дөөлөт Кокочоров Премьер-министрге суу топтолуучу жайдын жаңы нугунун курулуш долбоору тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Азия Өнүктүрүү банкы суу тазалоочу жайды модернизациялоо боюнча бардык 6 тендерди жыйынтыктады. Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы “Өзгүр” суу тазалоочу жайды модернизациялоого жана анын кубаттуулугун арттырууга каражат бөлүүгө жардам көрсөтөт.
«АӨБ бардык эскирген түтүктөрдү жаңыртууга үчүнчү суу түтүк линиясын курууга жана суу үчүн электр эсептегичтер үчүн 11 млн 800 миң доллар бөлөт. Ошондой эле аталган долбоор алкагында Жапалак айыл аймагынын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыздалып, бардык эски түтүктөр жаңыртылат”, — деди шаардык сууканал ишканасынын директору.
Премьер-министр кошумчалагандай, россиялык гранттан жаңы резервуар курууга - 50 млн сом жана эскисин калыбына келтирүү үчүн 9 млн сом бөлүнөт. Жогоруда аталаган долбоорлордун жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жана ага жакын жайгашкан аймактын калкы таза ичүүчү суу менен толук камсыздалат. Мындай чоң көлөмдөгү иштер Кыргызстандын бир дагы шаарында жүргүзүлгөн жок. Ош шаарынын инфраструктуралык көйгөйүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Андан соң өкмөт башчы Өзгөн районундагы Кара-Дарыядагы коргоочу дамбанын курулушу менен таанышты. Ал жерде Ж.Оторбаев өзгөчө кырдаалдар министри К.Бороновго жээктерди чыңдоо боюнча иштердин көлөмүн жогорулатуу тапшырмасын берди. Келерки жылдан тарта жээктерди чыңдоо боюнча иштерге кошумча каражаттар бөлүнмөкчү.
[gallery ids="38732,38733,38734,38735,38736,38737"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү