10
Апрель
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен жолугушту
Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ААК “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер менен ЖЧК “Кыргызгазпромду” орусиянын АК “Газпромуна” өткөрүү боюнча келишимге кол коюу үчүн жолугушту.
Орусия тараптан келишимге ААК “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер, кыргыз тараптан ААК “Кыргызгаз” башкы директору Тургунбек Кулмурзаев кол коюшту.
Келишим боюнча орусия тарап “Кыргызгазга” инвестиция тартып, инфраструктурасын жаңылоого 20 миллиард рубльдан кем эмес каражатты беш жыл ичинде камсыздайт.
Берилген мөөнөттөн тарта “Газпромдун” кыргыз компаниясынын 100 пайыз үлүшү, анын 40 млн.доллардан кем эмес карызы орусия тарапка өтөт.
Келишим 25 жылга түзүлүп, андан соң, Кыргызстан кааласа орусиялык компаниядан өз активдерин сатып ала алат.
“Газпром” республиканы тынымсыз газ менен камсыздоого милдеттенме алууда. Кыргызстан өзү тараптан жаратылыш газына болгон импортко компания укуктуу, “Газпромдун” инвестицияларын улутташтыруудан сактоого кепилдик берет.
Жолугушууда Жоомарт Оторбаев Кыргыз Өкмөтү “Газпром” компаниясы менен келечектүү кызматташууга өзгөчө маани берээрин билдирди.
“Белгилүү болгондой, 2013-жылдын 26-июлунда Москвада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда жаратылыш газын ташып өтүү, бөлүштүрүү жана таратуу боюнча келишим ратификацияланган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул келишим боюнча баардык милдеттенмелер өз учурунда так аткарылат. Мисалы, “Газпромнефть Азия” компаниясы “Газпром” менен көп жылдык байланыш тажрыйбасына ээ. Мен жетишилген сүйлөшүүлөр толук аткарылат деп ишенем. Биз өзүбүз тараптан баардык колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз.”, – деп сөзүн жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
Өз кезегинде Алексей Миллер “Газпром” атамекендик газтранспорт системасын заманбап жаңылоого кирише тургандыгын айтты.
“Биз жакынкы 5 жылда кыргыз экономикасына 20 млрд. рубль инвестиция тартабыз. Зарыл болсо, каражаттын көлөмү дагы көбөйтүлөт. Биздин негизги милдетибиз – керектөөчүлөрдү өзгөчө кыш мезгилинде тынымсыз газ менен камсыздоо. Жакынкы мезгилдерде жаратылыш газына болгон баа азыркы баадан төмөндөйт. Ошондой эле, “Газпромдун” кыргыз рыногуна келиши менен биздин социалдык жоопкерчиликтерибизди эске алганда башка долбоорлор да ишке кирет, же билим берүү, социалдык мүнөздөгү долбоорлор. Белгилөөчү жагдай, мерчемдеген иштер жана инвестициянын тартылышы өлкөдө саясий, экономикалык туруктуулук болгондо гана ишке ашат. Мындай талаптарсыз жаңы инвестициянын келишин да, экономиканын өнүгүшүн да элестетүү мүмкүн эмес”, – деди Алексей Миллер.
Жолугушууда кыргыз компанияларын ААК “Газпром” менен кызматташууга жана “Газпром” компаниясында кыргызстандык жарандарды жумуш менен камсыздоо маселелери каралды.
[su_carousel source="media: 33457,33456,33455,33454,33453" link="image" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_slider source="media: 32740,32739,32738,32736,32735,32734"][su_custom_gallery source="media: 31480,31479,31477,31476,31474,31472,31460,31452,31450,31376,31306,31305,31304,31293"][/su_slider][/su_carousel]
[su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=GQy-6176vow" width="360" height="620"]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү