21

Июль

2014

Премьер-министр Дж.Оторбаев: «Ввод второго агрегата Камбаратинской ГЭС-2 в три раза увеличит энергопроизводительность»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусу боюнча иштиктүү сапарынын алкагында Камбарата – 2 ГЭСине барды.

Ж.Оторбаев белгилегендей, учурда экинчи агрегатты орнотуу иштери жүрүүдө. “Бүгүнкү күндө Евразия өнүктүрүү банкы менен экинчи агрегат үчүн 80 млн доллар алуу тууралуу макулдашуу бар. Кубаттуулугу 120 мВт экинчи турбина орнотулган соң, Камбарата – 2 ГЭСинин энергетикалык өндүрүмдүүлүгү үч эсеге жогорулайт», — деди Премьер-министр.

Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаевдин маалыматына ылайык, экинчи агрегатты орнотуу 2016-жылдын соңуна пландаштырылган. «Үчүнчү агрегатты Камбарата – 1 ГЭСинин курулушу жыйынтыкталган соң гана орнотууга киришебиз», — деди ал.

Министр Өкмөт башчыга Камбарата – 1 ГЭСинин ТЭНи жыйынтыкталып, Россия тараптын кароосуна берилгендигин маалымдады.