03
Июль
Премьер-министр Дж. Оторбаев: «Выведение КР из серого списка ФАТФ способствует улучшению инвестиционного климата»
Бүгүн, 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызмат төрагасы Мэлис Мамбетжановду кабыл алды, ал маалымдагандай, Кыргызстан Акчалардын изин жашырууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) тизмесинен чыгарылды.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, бул жетишкендик КР Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы багытталган мыйзамдарды жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракетинин жыйындысы катары каралат. Андан соң Премьер-министр Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына, ошондой эле Жогорку Кеңеш депутаттарына аткарылган иш үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз Республикасы кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана терроризм коркунучтарынын алдын алуу ишинде гана эмес, инвестициялык абалдын жакшырышы жаатында да маанилүү кадам жасады. ФАТФ тизмеси коом үчүн ачык болуп саналат жана дүйнөдөгү көптөгөн инвесторлор өлкө багытынын өзгөрүүсүнө көз салып турушат. Алар дүйнөлүк кабыл алынган стандарт, нормаларга багыт алып, ФАТФ пикири абдан абройлуу болуп саналат”, — деди Жоомарт Оторбаев жана аталган багыттагы ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Мэлис Мамбетжанов белгилегендей, өлкөнү ФАТФ “күңүрт тизмесинен” чыгаруу тапшырмасы Премьер-министрге тийиштүү. “Сиздин жеке тапшырмаңыз боюнча, иш тездетилди жана биз аны аткара алдык деп сыймыктануу менен билдиребиз. Эми КР финансылык тутуму башка улуттук тутумдарга коопсуздук жаратпаган өнүккөн өлкөлөрдүн катарында турат. Бул дүйнө коомчулугуна карата биздин тутум кооптуу эмес экендигин жана ал таза жана дүйнөлүк стандарттарга жооп бере тургандыгын айгинелейт», — деди Мэлис Мамбетжанов. Мэлис Мамбетжановдун маалыматына ылайык, 2014-жылдын июнь айында өткөн ФАТФ 25- Пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынан күчөтүлгөн текшерүү режимин алып салуу тууралуу чечими кабыл алынган.
Акчалардын изин жашырууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу белгилегендей, Кыргызстан ФАТФ тарабынан 2011-жылдын октябрында белгиленген стратегиялык кемчиликтерди жоюу үчүн аракеттер планын ишке ашыруу боюнча укуктук базаны түзө алган. ФАТФ кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөш жүргүзүү жаатындагы стратегиялык кемчиликтерди жоюу боюнча КР алгылыктуу жетишкендиктерин белгилеген.
Натыйжада, Кыргызстан Акчалардын изин жашырууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) “күңүрт тизмесинен” чыгарылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү