04
Июль
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев дал старт забегу медработников
Бүгүн, 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев медициналык кызматкерлердин “Дене-тарбия активдүүлүгүн өзүңдөн башта” аттуу жарышына катышып, куттуктоо сөзү менен чыкты.
Кыргыз Республикасынын Медициналык кызматкерлер күнүнө карата иш-чараны ачууда Жоомарт Оторбаев жарыштын катышуучуларын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Медициналык кызматкерлер күнүн көндүм эмес формада майрамдоону чечти, экинчи жагынан алганда, эгерде биз калктын саламаттыгына багыт алууну кааласак, ар-бир майрам ушундай ыкмада өтүүсү тийиш. Спорттук жарыштын өткөрүлүшү мамлекеттин сергек жашоо образын жайылтууга, калкты өз ден-соолугун чыңдоого калыптандырууга карата алган багытын айгинелейт», — деди Премьер-министр жана сунушталган демилге үчүн ыраазычылык билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, 2013-жыл жыйынтыгы менен саламаттык сактоо тутумундагы көрсөткүчтөр боюнча оңдуу жана терс жактар белгиленген. Тактап айтканда, ымыркай жана балдар өлүмүнүн көрсөткүчү кыскарууда. Кургак учук көрсөткүчүнүн деңгээли турукташып, андан каза болгондордун саны кыскарган. Онкологиялык оорулуулардын саны бир аз кыскарган.
Жоомарт Оторбаев көйгөйлүү маселелердин катарына “Дарыгердин депозити” программасынын жетиштүү иш алып барбай жаткандыгын, кардарларды дарылоодогу негизсиз ооруканага жаткыруулардын жана андагы кемчиликтердин саны көбөйгөндүгүн, жүрөк, кан тамыр, кант диабети, ВИЧ-инфекцияларынын жана башка өзгөчө кооптуу оорулардын алдын алуу иштеринин жетишсиз өткөрүлүп жаткандыгын, саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасынын алсыз жана эскилигин киргизди.
Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев медициналык кызматкерлерге татыктуу эмгеги жана улут саламаттыгы тууралуу кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымдама:
Жарышка республиканын бардык шаар жана райборборлорундагы 5 миңден ашуун медкызматкер катышат.
Бишкекте 400 метр аралыкка чуркоо, армрестлинг жана аркан тартыш боюнча турнир өттү.
Жарыш Өкмөт үйүнөн старт алды. Ал эми стадиондо өтүүчү таймаштарга саламаттык сактоо тутумундагы республикалык жана шаардык уюмдардын командалары катышмакчы. Анда жалпысынан 250 ашуун кызматкер өз күчүн сынамакчы.