05
Август
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев наградил Правительственной наградой Галину Афонину
Бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасын Кыргыз Республикасынын аскерлер энелеринин коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөсү Галина Афонинага өз колу менен тапшырды.
Тийиштүү буйрукта белгиленгендей, сыйлык “КР аскерлер энелеринин коомдук бирикмесин түзүү жана өнүктүрүүгө, ошондой эле аскердик кызматка чейинки жаштагы муунга аскердик-патриоттук тарбия берүү ишине жана КР күч ведомстволорунун аскер кызматкерлери арасында аскердик тартипти чыңдоого кошкон салымын эске алуу менен тапшырылууда» (КР Өкмөтүнүн 15-июлдагы № 262-р буйругу).
Жоомарт Оторбаев, сыйлыкты тапшырууда Галина Афонина жаштарга патриоттук тарбия берүү, аскер кызматкерлеринин укугун коргоо, жогорку моралдык баалуулуктарды жана принциптерди жайылтуу ишине зор салым кошкон маанилүү уюмду түзгөндүгүн белгиледи. “Бул сиздин алгачкы өкмөттүк сыйлыгыңыз болуп саналбайт. Өкмөт сиздин узак убакыттан берки эмгегиңизди жогору баалайт. Сиз чыныгы патриоттуулуктун, өсүп келе жаткан муун үчүн Мекенге ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келесиз. Сиз өлкөнүн мыкты жаранысыз, биз муну менен сыймыктанабыз.
Ардактуу эс алууда жүрүү менен катар сиз аскер кызматкерлеринин шартын жана мектеп окуучуларынын тарбиясын жакшыртуу максатында жигердүү аракеттенип келүүдөсүз», — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Өкмөт башчы Галина Афонинага чың ден-соолук жана өлкө бакубаттуулугу үчүн ийгиликтүү эмгектенүүнү каалады.
Маалымдама:
Галина Афонина — КР аскер энелеринин коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы, аталган коомдук бирикменин ардактуу мүчөсү. 1994-жылдан тарта Эл агартуунун эмгек сиңирген кызматкери.
Төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:
1. Эмгек ардагери(медаль) 1985-ж.
2. СССРдин Педагогикалык илимдер академиясынын эл агартуу боюнча Профсоюздук кызматкерлер БК мамкомитетинин Ардак грамотасы 1989-ж.
3. РФ парламенттик борборунун жогорку кеңешинин 2-даражадагы “Салымы үчүн” ордени 2011-ж.
4. Юстиция министрлигинин 80 жылдыгына карата Юбилейлик медалдар 2007-ж., «Куралдуу күчтөргө 15 жыл» 2008-ж., «Улуттук Гвардияга 15 жыл» 2008-ж.
5. “Салымы үчүн” медаль Республикалык аскердик сот 2014-ж.
6. Кесипчилик-техникалык билим берүү жаатындагы эмгекте жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамотасы 1990-ж., министр Байбеков Г.
7. Республикалык сынактагы мыкты усулдук иштеп чыгуусу үчүн Ардак грамота 1990-ж., министр Байбеков Г.
8. Кесипчилик-техникалык билим берүү жаатындагы окуучулар арасындагы эстетикалык тарбия боюнча Республикалык олимпиадага окуучуларды мыкты даярдагандыгы үчүн 1990-ж., министр Байбеков Г.
Галина Афонина 20 жылдан ашуун убактан бери карай аскер кызматкерлеринин укугун коргоп, аскердик кызматтагы терс көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүп келет. Ал солдаттардын турмуш-тиричилигин, тамактануусун, кийим-кечегин жакшыртууда, офицерлердин турак-жай жана айлык акы көйгөйүн чечүүдө өз күчүн жумшап, бир нече ирет жогорку инстанцияларга кайрылуу катын жолдогон. Анын демилгеси боюнча, бардык аскер бөлүктөрүндө үзгүлтүксүз түрдө армиялык педагогикалык кеңештер өткөрүлүп турат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү