06

Август

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев: «Нам необходимо еще раз тщательно проанализировать наши расходы, чтобы оптимально распределить финансовые ресурсы госбюджета»

Бүгүн, 6-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда “2015-жылга карата республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга карата болжол тууралуу” КР Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Жыйынды ачууда Жоомарт Оторбаев бюджеттик процесстин айкындыгын камсыздоодо, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомчулуктун бюджеттик каражаттарды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу, чыгашаларды аныктоо жана жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин угуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“2015-жылга карата сунушталган бюджет долбоорун талкуулоо жана сунуштоо максатында КР Финансы министрлигинин кызматкерлери документ бардык аймак калкынын муктаждыгын камтуусу үчүн өлкө аймактарына бир нече ирет чыгышкан. Акыркы жылдары чыгымдар көлөмү киреше көлөмүнөн жогору болууда, бул өз кезегинде бюджет тартыштыгынын өсүүсүнө алып келүүдө жана бюджет тартыштыгын жабуу максатында ички жана тышкы булактарды издөө зарылдыгын туудурууда», — деди Жоомарт Оторбаев.

Ал кошумчалагандай, мында республикалык бюджеттин кирешеси 2007-жылдан 2014-жылга дейре 3 эсеге, же 31,2 млрд сомдон 93,5 млрд сомго дейре жогорулады. Ошол эле учурда республикалык бюджеттин чыгымы 3,3 эсеге өскөн, ал эми корголгон беренелер чыгымы 2007-жылдан 2014-жылга дейре 3,5 эсеге, же 18,9 млрд сомдон 65,8 млрд сомго өскөн.

Өкмөт башчы бюджеттин корголгон беренелерин каржылоо үчүн жыл сайын жалпы кирешенин дээрлик 74 % багытталаарын белгиледи. “Бул шартта экономиканын өнүгүүсүн шарттаган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджет каражаты жетишсиз. Мамлекеттик бюджет социалдык жакка багытталган бойдон калууда, ошол эле учурда биз үчүн жеткиликтүү финансы ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн чыгымдарды тыкыр талдоого алуу зарыл болууда», – деди ал.

Сөзүнүн соңунда Жоомарт Оторбаев конструктивдүү баарлашуу алкагында өлкө бюджети натыйжалуу болуусу үчүн сунуштарды иштеп чыгууга жетишүүгө мүмкүн экендигине ишеним билдирди.