19
Апрель
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгисиз жардыруучу каражаттын жарылышынан улам жабыркаган ооруканадагы балдардын абалын сурады
Бүгүн, 19-апрелде, Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Карабак айылына барып, 17-апрелде белгисиз жардыруучу каражаттын жарылышынан улам каза болгон Нойгутбек Абулмажиновдун туугандары менен жолукту.
Жоомарт Оторбаев каза болгон баланын апасына көңүл айтып, айылдаштары менен бирге куран түшүрдү жана 50 миң сом көлөмүндөгү материалдык жардам көрсөттү.
Өкмөт башчы андан ары Баткен облустук ооруканасына барып, жарадар болгон 3 баланын абалын сурады.
Жоомарт Оторбаев жардырууда ар кандай деңгээлде жарадар болгон балдардын ар биринин абалын сурап, ата-энелери жана дарыгерлер менен сүйлөштү.
Жолугушууда балдарга тез сакайып кетүүсүн каалап, доктурларга баардык керектүү дары-дармектер жеткирилээрин айтып, балдарга өзгөчө көңүл бурууну суранды.
Дарыгерлер сол көзүнөн жаракат алган Топчубай уулу Санжарбек Ош шаарына мындан аркы дарыланууга жөнөтүлгөнүн кабарлашты. Премьер-министр күндүн экинчи жарымында Ош шаарына барганда, аны барып көрөөрүн айтты. Жоомарт От орбаев жолугушуунун соңунда жарадар болгон балдардын ата-энелерине 25 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү