03

Сентябрь

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев подверг жесткой критике работу руководителей госбанков

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «РСК» жана «Айыл Банк» мамлекеттик банк жетекчилери Эркебай Мурзабеков жана Эркин Асрандиев, ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрагасынын милдетин аткаруучу Нурбек Калматовдордун катышуусунда мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштиктүү кеңешме өткөрдү.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, ал жеке өзү мамлекеттик банктар ишмердүүлүгүн жеке банктар ишинин көрсөткүчтөрү менен салыштыруу аркылуу талдоо жүргүзгөн.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик банктар канааттандыраарлык эмес натыйжаларды көрсөтүүдө. Жеке банктар ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү мамлекеттик банктардын көрсөткүчтөрүнөн бир нече эсе жогору эсептелет», — деди Жоомарт Оторбаев. Андан соң Өкмөт башчы так көрсөткүчтөргө токтолду.

“Активдер кирешеси көрсөткүчү боюнча (ROA) Айыл Банк (2,5%) Оптима Банктан (5,3%) эки эсеге артта калса, ал эми РСК (1%) банкы жогорку аталган банктан беш эсеге артта калган. Бул сиздердин уюмдун кредиттик саясатынын төмөнкү натыйжалуулугунан кабар берет. Үстүбүздөгү жылдын беш айы ичинде РСК рентабелдүүлүгү начар болууда. 2012-жылдан тарта Айыл Банктын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү кредиттик саясаттагы кемчиликтерди көрсөтүүдө», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев мамлекеттик банк жетекчилерине кайрылып. Капиталдын киреше коэффициенти боюнча (ROE) РСК Банк көрсөткүчү (7,5%) - эң төмөнкүлөрдөн, мында Айыл банк көрсөткүчү (10,6% жана 11,9%) 2012-2013-жылдар жыйынтыгы боюнча банк сектору боюнча орточо деңгээлге да жете алган эмес.

“Мамлекеттик банктар кредиттик ресурстарды жогорулатып жана активдер кирешесинин тийиштүү деңгээлин сактоосу тийиш. Мен РСК жана Айыл банк тараптан инвестицияларды капитализациялоо жана тартуу боюнча аракеттерди көрбөй жатам», — деп кошумчалады Премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев мамлекеттик банктардын кадрдык саясатын сынга алды.

“РСК (9 671,6) жана Айыл банктын (8 384,5) кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жеке банктардагы кызматкерлер санына карата активдердин катнашынын көрсөткүчү боюнча эки эседен төмөн саналат. Салыштыруу үчүн Демир Банктын коэффициенти 23 696,5 түзөт. Ал эми таза кирешенин кызматкерлер санына карата коэффициенти боюнча РСК Банк кызматкерлеринин (94,0) натыйжалуулугу Оптима Банкка салыштырмалуу (936,9) 10 эсеге төмөн. Демир Банк кызматкерлеринин (757,9) натыйжалуулугу Айыл Банкка (207,6) салыштырмалуу 3,5 эсеге жогору. Эмне себептен кызматкерлер штатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлбөйт. “Үйлөтүлгөн” штаттарды кыскартуу керек», — деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр корпоративдик башкаруу маселесин да козгоду: «Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бүгүнкү күндө мамлекеттик банктар менен дээрлик иш алып барбайт. Мамлекеттик банктардын директорлор кеңеши да банктардын ишин талдап, тийиштүү көзөмөл жүргүзбөйт, уюмдарды өнүктүрүү максатында стратегиялык чечимдерди сунуштабайт», — деп белгиледи Премьер-министр.

Талдоону жыйынтыктоодо Премьер-министр мамлекеттик банктар мамлекеттик колдоого ээ болуу менен катар жеке банктардан артта калууда. Кеңири кездешкен көйгөйлөрдүн катарына көлөмдүү штат, тейлөөнүн төмөнкү деңгээли, ашыкча консервативдүү кредиттик саясат жана активдердин төмөнкү кайтарымдуулугу болуп саналат.

“Мамлекеттик банктар өз капиталын жогорулатуу менен катар экономиканы каржылоонун локомотиви болушу кажет жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууда мамлекеттин натыйжалуу шериги болушу зарыл”, — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Кеңешме жыйынтыгында Өкмөт башчы мамлекеттик банктардын натыйжалуулугун жана кирешелерин жакшыртуу, капиталды жогорулатуу жана инвестицияларды тартууну жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. Тактап айтканда, эки жума мөөнөтүндө мамлекеттик банктардын жетекчилери так сунуштарын келтирүүсү керек. Мындан тышкары, процесстерди автоматташтыруу, кызматкерлер штатын оптимизациялоо, ошондой эле калкты тейлөө ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатуу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

[gallery ids="40702,40703,40704,40705"] [su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=xWn4_DG-wlI" width="360" height="620"][su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=V882vU8kL5s" width="360" height="620"][/su_youtube]

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү