14
Август
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев поручил активизировать работу по экспорту сельхозпродукции в Российскую Федерацию
Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, КР экономика министринин орун басары Данил Ибраев, КР Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык маминспекция директору жана Өкмөт Аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте өлкөнүн айыл чарба продукциясын Россия Федерациясына экспорттоо мүмкүндүгү боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйын башында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Евробиримдик, АКШ, Австралия, Канада жана Норвегиядан Россия Федерациясына азык-түлүк импорттоого карата тыюу саллынууда, бул өз кезегинде кыргызстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн чоң сатык рыногун ачууда.
Буга байланыштуу Премьер-министр Айыл чарба жана мелиорация министрлигине россиялык кесиптештери жана ишкерлер менен байланышты активдештирип, аларды жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн учурдагы жана келечек мүмкүндүгүн иликтөө үчүн өлкөгө чакырууну колго алууну тапшырды.
Өз кезегинде Таалайбек Айдаралиев Өкмөт башчыга анын жеке тапшырмасы боюнча РФ Айыл чарба министрлигине жер-жемиш, эт, сүт продукциясын жана төө буурчак экспорттоо тууралуу сунуш жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле РФ аймагына продукция алып кирүүдө республикалык ветеринардык лабораториянын сертификатын убактылуу таануу үстүндө иш алып баруу сунушталган.
Министр кошумчалагандай, КР Айыл чарба министрлиги тарабынан Свердлов облусунун айыл чарба министри менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, андан соң облусту азык-түлүк менен камсыздаган 18 фирманын тизмеси алынган. Учурда КР Айыл чарба министрлиги аталган компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Андан соң Премьер-министр белгилегендей, кыргызстандык продукцияны экспорттоодогу негизги тоскоолдук катары Бажы биримдигинин эрежелерине ылайык сертификатташтыруу көйгөйү калууда.
“Азык-түлүк продукциясын сертификатташтыруу үчүн лабораториялар менен камсыздоо боюнча иш-чаралар КР ББ кирүүсү боюнча Жол картасында каралган. Биз бул багытта активдүү иштерди жүргүзө баштадык. Ал эми РФ айрым облустары менен кызматташууга келсек, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантуу зарыл», — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
Маалымдама:
Кыргыз Республикасында жылына орточо алганда: картошка 1300-1400 миң тонна (анын ичинде ички рынокто 25-30% сатылат), жашылча – 900-1000 миң тонна (20-25%), жер-жемиш – 240-260 миң тонна (30-35%), коон-дарбыз – 200-220 миң тонна (70-80%) өндүрүлөт. 2014-жылдын 1-январына карата КР аймагында 316 азык-түлүк жана кайра иштетүү ишканалары болгон. Алардын ичинен Россия Федерациясына эт, сүт тармагы жана жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар өз продукциясын тышка экспорттоо мүмкүндүгүнө ээ.
Айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча колдо болгон мүмкүндүктү эске алганда 2014-15-жылдары Россия Федерациясына азык-түлүк продуктусун ташуу боюнча иш планды аткаруу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги төмөнкү көлөмдөгү айыл чарба продукциясын сатууну болжолдоодо:
- эт жана эт продуктулары- 30,0-35,0 миң тонна (жергиликтүү тастыктоого макулдашуу орун алганда);
- сүт продукциясы – 1,5-2,0 миң тонна (жергиликтүү тастыктоого макулдашуу орун алганда);
- картөшкө – 50,0-60,0 миң тонна;
-жашылча – 60,0-70,0 миң тонна, анын ичинен пияз – 15,0-20,0 миң т;
- коон-дарбыз – 5,0 миң тонна;
-консервацияланган жашылчалар – 200-250 тонна;
- жүзүм – 3,0-3,2 тыс. тонна;
- кургатылган жер-жемиштер – 200-220 тонна;
- жер-жемиштер – 60,0-65,0 миң тонна;
- жаңгак – 100-120 тонна;
- минералдык суулар жана алкоголсуз суусундуктар – 15,0-20,0 миң декалитр.
[gallery ids="40035,40036,40037,40038"]