18

Июль

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев поручил Госстрою ускорить строительство школы в селе Жийделик

Бүгүн, 18-июлда, Премьер-министр Ж.Оторбаев Ош облусуна барган иш сапары алкагында Кара-Суу районундагы Нариман айыл округунун Жийделик айылындагы Н.Назарбаев атындагы мектеп курулчу жерде болду.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматы боюнча, мектеп 500 окуучуга эсептелген.

“Мектеп үч кабаттуу, спортзалы менен курулуп, автономдук скважина жана жылытуучу жайы каралган, анын аянты 2 га ашуун эсептелет. Наркы 100 млн сомду түзөт. Курулушту 8 ай ичинде бүткөрүү пландаштырылууда», — деп билдирди Мамархкурулуш жетекчиси.

Премьер-министр Ж.Оторбаев курулуштун планы менен таанышып чыгып, агенттикке мектеп курулушун бардык талаптарды эске алуу тездетүү тапшырмасын берди.

“Бизде бул мектепти таланттуу балдар үчүн мектепке айлантуу тилеги бар. Мектепте сапаттуу окутуучулук курам болуп, ал үлгүлүү окуу-жай катары таанылышы керек. Процессти тездетүү керек, учурда курулуш иштерин жүргүзүүгө мыкты шарттар бар», — деп белгиледи Премьер-министр Ж.Оторбаев.

[gallery ids="38716,38717,38718"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү