07
Апрель
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Айыл жана суу чарба министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жазгы талаачылык иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 5-апрелде жазгы-айдап себүү иштерин өткөрүүгө байланыштуу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин башталышында эле, Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн Аппаратынын айыл чарба өндүрүш комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Жоомартбек Жумабековго кеңешмеге начар даярдыгы үчүн сөгүш жарыялады. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, өз ишин аткара албаган баардык кызматкерлерге катуу чаралар колдонулат. “Кийинкиси эскертүү болот, андан соң кызматтан алынасыз”, – деп кошумчалады Премьер-министр.
Кеңешмени улай эле Жоомарт Оторбаев учурдагы негизги маанилүү иш-чаралардын бири жазгы талаачылык иштерин жогорку деңгээлде өткөрүү экендигин айтты.
“Жаздын бир күнү бир жылды багат. Сиздер жазгы талаачылык иштерди ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн сутканын 24 саатын, жуманын 7 күнүн иштешиңиздер керек. Аба ырайынын шартына байланыштуу биз графиктен артта калдык, бизде болгон каражаттарды пайдалануу менен баардык чараларды колдонушубуз зарыл”, – деди Жоомарт Оторбаев.
Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министри Таалайбек Айдаралиевдин маалыматын уккан соң, Премьер-министр министрликтин баардык бөлүктөрүн айдап-себүү ишине тартуу зарылдыгын белгиледи.
“Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, райондордун акимдери өз бөлмөлөрүндө отурбашы абзел. Райондорго барып, жеринде дыйкандарда пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү чечип, фермерлерге жардам берип, а эң негизгиси – статистикалык маалыматтарды ашыра жазуудан оолак болуу керек”, – деп белгиледи Өкмөт башчы.
Ошондой эле, Жоомарт Оторбаев аймактардагы жашоочулар менен жолугушуу графигин түзүп, жасалып жаткан иштер боюнча күн сайын маалымат берүүнү тапшырды. “ Коомчулук Өкмөттүн жасап жаткан ишин сезиш керек. Ал эми айыл жана суу чарба министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте дыйкан, фермерлер арасында үрөн себүү, өсүмдүк өстүрүү боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин алып баргыла”, – деди Премьер-министр.
Кеңешменин жыйынтыгында Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тиешелүү министрликтер менен мекемелерге жазгы талаачылык иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү