02
Август
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев принял депутата парламента Республики Кореи Чэ Дже Сонгом
Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты Чэ Дже Сонгом менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев жана Чэ Дже Сонг Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн Экономиканы өнүктүрүү боюнча кызматташуу фондунун линиясы боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгү талкуулады.
«Корея Республикасы – дүйнөдөгү ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан экономикага эгедер мамлекеттердин бири. Өлкө тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык кайра түзүүлөр, мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу жаатындагы жыйналган тажрыйба абдан кызыгууну туудурат. Кыргызстан Корея Республикасы менен кызматташууга кызыкдар», — деп белгиледи Премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
Ошондой эле Өкмөт башчы кыргыз жана корей жомокторунун кыргыз тилдеги топтомун 20 миң нускада басып чыгарган «Корея – Азия» Достук фондунун ишине жогору баа берди.
Өз кезегинде Чэ Дже Сонг Премьер-министр Жоомарта Оторбаевге жолугушуу мүмкүндүгүн түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кыргыз-корей мамилелери өнүгөөрүнө ишеним билдирди.
Мен жетектеп турган «Корея – Азия» Фонду Кыргызстандагы иш-аракетин кеңейтүүгө кызыкдар. Басылып чыккан жогорудагы жыйнак жакын арада өлкөнүн мектеп, китепканаларына таркатуу иретинде тапшырылат. Ал эми соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү максатында мен тараптан Кыргызстанга Кореядан олуттуу инвестицияларды тартууга карата аракеттер көрүлөт», — деп билдирди Корея Республикасынын парламентинин депутаты.