07

Июнь

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев: Строительство новых ГЭС наравне с модернизацией действующих гидростанций – это важный шаг на пути обеспечения энергетической безопасности страны

Бүгүн, 6-июнь күнү Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ат-Башы жана Жогорку Нарын каскад ГЭСтерине иш сапары менен болду.

Премьер-министрдин айтымында жакын арада Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо иш-чаралары башталмакчы. “Жаңылоо иштерине керектелүүчү каражаттарга байланышкан маселе Швейцария Конфедерециясы менен чечилди. Модернизациялоо иштеринен кийин ГЭСтин кубаттуулугу жана эффективдүүлүгү жогорулайт. Экономиканын өсүшү жана электроэнергияны колдонуу жогорулаганда биз үчүн кубатуулуктун жогорулашы абдан керек”-деп билдирди Жоомарт Оторбаев

Андан кийин Премьер Жогорку Нарын каскад ГЭСтеринин куруучулар шаарчасында болуп, куруучулар жана инженерлер менен баарлашты.

“Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалга өтө бай өлкө. Жаңы ГЭСтер менен утурлай эле эски ГЭСтерди модернизациялоо-бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай чоң кадам Азыркы тапта Жогорку Нарын каскад ГЭСтеринде активдүү куруу иштери жүрүп жатат. Менин пикиримде объект өз мөөнөтүндө аяктайт деп ишенем жана бул өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын дагы бир ирет бекемдейт деп ишенем ”-деди Өкмөт башчы.

КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү